АЯЛДАР БИРИКМЕСИ
Jump to navigation
Jump to search
‒ алгачкы коомдо бир нече общинадагы аялдарды бириктирген социалдык институт. Ал алгачкы коом ыдырап бара жаткан мезгилде эркектер бирикмесинин пайда болушуна каршы жооп иретинде уюшулса керек. Негизинен Батыш Африка жана Меланезия жакка тарап, аялдардын жашыруун бирикмелеринин уюшулушуна өбөлгө түзгөн. А. б-нде өзүлөрүнүн ырым-жырымдарын аткарышкан, жыйналышып майрамдарды өткөрүшкөн. Анын мүчөлөрү жаш курагына карата бөлүнүшкөн. А. б-нин калдыктары Евразиянын айрым элдеринен учураган.
А. Жапаров.