АЯККАП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:06, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ идиш-аяк сактай турган, керегеге илип коюучу буюм. А. ооз жагы түз кесилген, төрт бурч формасында, байыркы мезгилде кулун менен койдун терисинен, кийизден, таардан, кездемеден, кийинчерээк баркыттан жасалган. А. көчмөн турмушка ылайыкталган. А-тын

АЯККАП88.png

оозу үч, төрт бурч же жарым айлана түрүндөгү капкалдырыгы менен жабылат. Анын көрүнөө бети менен капкалдырыгы оймо-саймалар, четтери торлуу чачылар менен кооздолгон. Керегенин башына илип коюу үчүн А-тын эки четине илгич тагылган. Ал боз үйдүн эпчи жагындагы керегеге илинген. Азыр А. сейрек кездешип, кооздук үчүн гана жасалат.