АЭРОПОНИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОПОНИКА (аэро.... жана гр. povos - жумуш) – өсүмдүктү топураксыз же аны алмаштыруучу субстрат жок өстүрүү, гидропоника ыкмасынын бир түрү. Өсүмдүктөрдү азык-зат менен камсыз кылуу үчүн макро- жана микроэлементтери бар эритмелер тамырына себилет. А. ыкмасын орус окумуштуусу В. М. Арциховский сунуш кылган (1910). 3-4 кабат “этажеркасынын” таманы жарык өтө турган синтездик полиэтилен менен капталат. Анда тешикчелер жасалып, өсүмдүк отуругузулат. Анда азык жиберилүүчү түтүкчөлөр жайгаштырылып, өсүмдүккө азык-зат берилет. А-нын жетишкен жагы субстраты жок жана аны кароонун кереги жок. Жетишпеген жагы эритме берүүчү системага такай көз салуу керек жана электр энергиясы менен камсыз кылуунун машакаттуулугу. Бул ыкма көбүнчө чет өлкөлөрдө пайланылат.