АЭРОЛОГИЯЛЫК ПРИБОРЛОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (7), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОЛОГИЯЛЫК ПРИБОРЛОР‒ атмененын жогорку катмарындагы абанын басымын, ылдамдыгын, темп-расын, нымдуулугун, булуттарды, күндүн радиациясын, атмененын турбуленттүү лүгүн, озон менен аэрозолдун топтолушун, радиациясын, атмененын потенциялын ж. б. өлчөө үчүн колдонулуучу приборлор. Негизги А. п. ‒ метеорограф, радиозонд, самолётко орнотулган метеорол. лабороториялардын жардамы менен ченелет. Атмененын 100 км жана андан бийик катмарларындагы абанын темп-расын, басымын, тыгыздыгын өлчөө үчүн метеорол. ракеталар, өтө кеӊ мейкиндиктеги атменены изилдөө үчүн метеорол. спутниктер пайдаланылат.