АЭРОЗОЛЬ ТЕРАПИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОЗОЛЬ ТЕРАПИЯСЫ ‒ оорулууну дары дисперсиялары менен аэрозолдоп дарылоо жана ооруну алдын алуу ыкмасы. Мында дарылар аэрозоль түрүндө жаранын бетине, былжыр катмарларга себилет жана ингаляция түрүндө дем алуу жолдору аркылуу организмге жиберилет. Аэрозолдун дисперсиялык бөлүкчөлөрү өтө майда болгондуктан, алар бронхторго, альвеолаларга чейин кирип, андан канга тез өтөт. Аэрозолдор табигый жана жасалма болуп бөлүнөт. Табигый А. т-на табигый шартта деӊиз, көл сууларынын микроэлементтери, кээ бир өсүмдүктөр (ийне жалбырактуулар, камфора дарагы, ак кайыӊ ж. б.) бөлүп чыгарган заттар жана фитонциддер аралашкан таза аба менен дем алуу кирет. Жасалма аэрозолдор ар түрдүү дары касиети бар заттардан, өсүмдүктөрдөн ж. б. жасалат.