АЭРОДИНАМИКАЛЫК КАРШЫЛЫК
АЭРОДИНАМИКАЛЫК КАРШЫЛЫК – абада кыймылда болгон нерсеге аракет этүүчү аэродинамикалык күч. Ал нерсенин кинетикалык энергиясынын кайталангыс жылуулук энергиясына өтүшүнөн пайда болот. А. к. ‒ учуучу аппараттын эӊ негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири. Алардын учуу-тех. ырааттуулугун, айрым учурда алардын кыймылдаткычынын керектүү тартуу кубаттуулугун аныктайт. Ал нерсенин формасына, өлчөмүнө, кыймыл багытына, кыймыл ылдамдыгына, чөйрөнүн касиеттерине жана абалына көз каранды. Кинетикалык энергиянын чачырашы жана жылуулук энергиясына өтүүсү ‒ агымдын куюнга айлануусунан, согуу толкунунун пайда болушунан жана беттердин аэродинамикалык ысышынан келип чыгат. Идеалдык кысылбас суюктукта куюндун жана согуу толкунунун пайда болушу мүмкүн эмес, ошондуктан теорияда А. к. пайда болбойт.