АШЫМБАЕВ
Абдааким (21. 12. 1935-ж. т., Жалал-Абад обл., Ала-Бука р-ну, Кажар кыш.)‒ КРдин илим жана техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1984), тоокен иштери б-ча илимпоз, техника илимд. кандидаты (1973). Фрунзе политех. ин-тунун геология жана тоокен ф-тетин бүткөн (1965). 1966-жылдан КР УИАнын Тоотектердин физикасы жана механикасы ин-тунда инженер, кенже, улук ил. кызматкер, лаборатория башчысы, ин-тун директору нун орун басары болуп иштеген. 2005-жылдан КМТУда кафедра башчысы. 130дан ашуун ил.
эмгектин (анын ичинде 3 монографиянын) автору, 1 ойлоп табуунун ээси. Эмгектери кендерди кайрадан иштеттүү жана сапаттуу казып алуунун системасын түзүүгө багытталган. Мындан тышкары минералдык сырьёлорду кайрадан иштетүүгө даярдоо жолдорун, жаӊы ыкмаларын, о. эле тоокендердин сапатын жогорулатуу технология ларын иштеп чыгып, аларды ишке киргизген.