АШШУРБАНИПАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

А ш ш у р б а н а п а л ‒ Ассириянын падышасы (б. з. ч. 669‒633-ж. чамасында). Ассирия мамлекетин сактап калуу үчүн аскердик жана дипломаттык күрөш жүргүзгөн. Ассирияга каршы көтөрүлүш чыгарган Египетке бир катар жортуулдарды жасап, аны багынтса да, Египет Ассириядан биротоло бөлүнүп (655-ж.) кетет. А. батышындагы Тир менен Арвадды багынтып, чыгыш жана түн. жагындагы киммерийликтер, скифтер, персиялыктар жана мидиялыктар менен күрөшөт. Б. з. ч. 653-ж. Вавилонду башкарып турган өзүнүн иниси Шамашшумукин А-га каршы көтөрүлүш чыгарат. Б. з. ч. 648-ж. Вавилонду каратып, андан кийин анын союздаштарын биринин артынан бирин талкалайт. Өмүрүнүн акыркы жылдарын да (639-ж.) Эламды талкалайт жана арабдарга каршы жортуул жасайт. А-дын буйругу менен он миӊдеген тарыхый, диний жана ил. жазмалар жыйналган. А-дын китепкана сы Ниневия дагы ( б. з. ч. 8‒7-к. Ассириянын борбору) 1849‒54-ж. казуулардын жүрүшүндө табылган.