АШКӨК
АШКӨК (petroselinum) ‒ өсүмдүктөрдүн чатыр гүлдүүлөр тукумунун сельдерей уруусундагы эки жылдык чөп. Биринчи жылы жалбырак розеткасы жана тамыры пайда болсо, экинчи жылы гүлдөп урук берет. Мекени Жер Ортолук деӊиз жээги. Тамыры ичке, сабагы тик өсөт, бийикт. 30‒150 см. Жалбырагы канат сымал, гүлү сары, топ гүлү чатырча. А-түн 4 түрү бар, анын экөө ‒ жалбырактуу жана тамырлуу А. Тамак-ашка тамыры, жалбырагы колдонулат. Жалбырактуусу сортуна жараша жалбырагы буралган тармал же жөнөкөй болот. А-түн курамында эфир майлары, витаминдер, өзгөчө С витамини көп, тамырында К, Са, Аe, P туздары бар. Ошондуктан жүрөк, бөйрөк ооруларында сууну азайтуу максатында, боор оорусунда, организмдин иммунитетин жогорулатууда колдонулат. А. бардык зоналарда, айрыкча күнөстүү, топурагы жумшак, күрдүү жерлерде өсөт. Бир гектар жерге тамырлуусунун 2 кг, жалбырактуусунун 8 кг үрөнү себилет. Убагында сугарып, отоо чөптөн арылтып, жумшартуу жана кошумча азык берүү зарыл.