АШИРБАЕВ Токтосун

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:02, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>, а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Токтосун (15. 1. 1948, Ош обл., Өзгөн р-ну, Ана-Кызыл айылы ‒ 3. 4. 2006, Бишкек ш.) ‒ тилчи, филология илимд. доктору (2001), проф. (2005). КРдин мамл. сыйл. лауреаты (2004). Ош мамл. пед. ин-тунун (азыркы Ош мамл. ун-тинин) филология ф-тин бүтүргөн (1974). Кийин анда улук окутуучу, доцент, декан (1979‒2001), 2001-жылдан кафедра башчысы болгон. 100дөн ашуун ил. эмгектери, анын ичинде орто мектептер жана ЖОЖдор үчүн окуу китептери, окуу куралдары жарык көргөн. Анын эмгектеринде тил илимине, кыргыз тилинин стилистикасына тиешелүү маселелер иликтөөгө алынган .
Эмг.: Тилдик бирдиктердин стилистикалык табияты. Б., 2000; Кыргыз тилинин стилистикасы: Стилистиканын жалпы маселелери, 1-китеп. Б., 2000; Кыргыз тилинин стилистикасы: Фонетикалык, сөз жасоо жана лексикалык стилистика, 2-китеп. Б., 2000; Кыргыз тилинин стилистикасы: Морфологиялык жана синтаксистик стилистика, 3-китеп. Б., 2001; Кыргыз тилинин стилистикасы: Функционалдык стилдер, 4-китеп. Б., 2004.
М. Молдалиева.