АШГАБАТ шаары

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(ар. ашк ‒ ашык, иранча абад ‒ шаар) ‒ Түркмөн Респ-нын борбор шаары. Өзүнчө адм. бирдикти ‒ вилаятты түзөт. Калкы 1,2 млн (2019). Копетдаг тоосунун этегиндеги түздүктө, Ахальск оазисинде, деӊиз деӊг. 214‒240 м бийиктикте жайгашкан. Шаардын түндүгүнөн Кара-Кум каналы өтөт. Машина куруу, металл иштетүү, электр-тех., айнек, жеӊил (трикотаж, кебез-кездеме, жибек жиби, килем), тамак-аш өнөр жайы, курулуш материалдар өндүрүшү бар. Темир жол бекети. Эл аралык аэропорту бар.
Асхабад аскер чеби катары 1881-ж. негизделген. 1919‒27-ж. Полторацк (революциячы П. Г. Полторацкийдин ысымынан) аталган. 1924-жылдан Түркмөнстандын борбору. Шаар бир нече жолу (1893, 1895, 1929, 1948) жер титирөөгө дуушар болуп, 1948-жылкы жер титирөөдөн дээрлик кыйрап, 1949-, 1959-жылкы генплан б-ча кайра курулган. Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузул

Ашгабат Мамлекеттик университети.

ган. 1990-жылдан жаӊы шаар куруу программа сы ишке ашууда. Түркмөнстан, Түркия, Франция ж. б. өлкөлөрдүн адистеринин катышуусунда өкмөт үйүнүн ансамбли (анын ичинде президент, конгресс ак сарайлары), мемориалдык курулуштар (Бейтараптык аркасы, жер титирөөдө курман болгондорго эстелик, 1948), фонтан, скульпту ралуу салтанат эспланадасы, «Олимпияда» стадиону ж. б. курулган. Туран аянтында Кара-Кум курулуш башкармасынын имараты менен курулуш ансамбли (1967), Азади атн. китепкана (1969‒74), тарыхый-маданий коругу, ИА (1951), 10дон ашык ЖОЖ (анын ичинде ун-т, 150), сүрөт галереясы (1990), Түркмөн килем (1994), Улуттук (1998; археол. табылгалар) музейлери бар. Орус драма театры (1926), акад. театр (1929), улуттук муз.-драма театры, мамл. театр, куурчак театры, «Түркмөнфильм» кинокомпаниясы (1926), цирк, мамл. филармония (1938), симф. оркестр (1998) иштейт.