АДАБИЙ СЫН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
адабият таануунун курамдык бир бөлүгү; адабий чыг-лыктын бир түрү. А. с. учурдагы адабий процесстин жалпы өнүгүш багыттарын ж-а өзгөчөлүктөрүн, ийгиликтерин ж-а мүмкүнчүлүктөрүн талдап, адабий көрүнүштөргө, жеке жазуучулардын чыг-ына, айрым бир чыгармага өз убагында идеялык-эс тетикалык баа берет. А. с-дын кош милдети бар: ал бир чети учурдагы адабий тажрыйбага таасир этсе, бир чети китеп окурмандардын идеялык-эстетикалык көз карашын ж-а көркөм табитин тарбиялайт. А. с. адабият тарыхы ж-а адабият теориясы , эстетика м-н тыгыз байланышта болот, сындын өз заманындагы адабий кубулуштар ж-дө баалары, байкоолору, тыянактары бара-бара ад-т тарыхына өтүп, ад-т теориясы м-н эстетиканы да байытат. А. с. байыркы замандарда эле көркөм ад-тты ээрчий чыгып, ад-т ж-дөгү жалпы билимдердин арасында өнүгүп келген. Анын өзалдынча бөлүнүп, өзалдынча өнүгө башташы ар кайсы калктарда мезгилдүү басмасөздүн пайда болушу ж-а өнүгүшү м-н байланыштуу. Орус адабий сыны В. Г. Белинскийден тартып бийик деӊгээлге көтөрүлгөн ж-а коомдук процесс, демократия үчүн ад-ттагы идеялуулук, элдүүлүк, чынчылдык үчүн

күрөштө зор роль ойногон. Анын сөзү м-н айтканда А. с. «кыймылдагы эстетика». Коом турмушунда ад-ттын мааниси өйдөлөгөндө, көркөм чыг-лык өрчүгөндө, жалпы элдин эстетикалык талаптары өскөндө, А. с-дын ролу да жогорулай берет. А. с. макала, рецензия, адабий портрет, обзор, дилмаек, талаш-тартыш ж. б. формада жазылат. Кыргыз А. с-ы жазма ад-тыбыз м-н удаалаш пайда болуп, ыкчамдаган жолду басып өттү. 1920-жылдардагы кыргыз адабий сынынын жаралуу, телчигүү мезгили Б. Даныяр уулу, М. Дөгдүров, Т. Жолдошев, К. Тыныстанов, А. Токомбаев, С. Карачев, ө. Жакишев, К. Рахматуллин өӊдүү алгачкы ад-т, мад-т ишмерлеринин ысымдары м-н байланыштуу. Көрүнүктүү коомдук ишмер Т. Жолдошевдин кыргыз адабий сынынын, адабияттаануу илиминин түптөлүшүнө кошкон салымы зор. Өз учурунда анын «Адабият майданында» (1926), «Көрктүү адабият жана акындарыбыз» (1927‒28), «Октябрь жана кыргыздын адабияты» (1928) ж. б. макалалары жарык көргөн. 30-жылдардын адабий сынынын өнүгүшү, калыптанышы үчүн кыргыз ад-тынын пайдубалын түзүшкөн акын-жазуучулар А. Токомбаев, М. Элебаев, К. Маликов, Ж. Бөкөнбаев кыйла эмгек сиӊиришти. 50-жылдарда А. с-ы Ш. Үмөталиев, А. Салиев, Б. Керимжанова, К. Асаналиев, К. Укаев, М. Борбугулов, кийинчерээк К. Бобулов сыяктуу жаш күчтөр м-н толукталган. 70‒80-жылдар кыргыз сынынын бийиктөө мезгили болгон. Бул мезгилде орто муундагы адабиятчы, сынчылардын ишмердиги м-н катар С. Жигитовдун, К. Даутовдун, А. Эркебаевдин чыг-лыгы кыргыз сынынын өнүгүшүнө, профессионалдык чеберчилигинин артышына кыйла көмөк көрсөттү. Бүгүнкү күндө кыргыз адабиятчыларынын, сынчыларынын алдында көркөмдүк маселесин, адабий процессти мезгил талабына шайкеш жаӊыча баалоо милдети турат, к. Сын. Ад.: Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. 2 томдук. Ф., 1987, 1990; Кыргыз адабияттаануу илими жана сыны. 2 томдук. Б., 2005. А. Садыков.