АЧЫК-ТАШ КҮКҮРТ КОЛЧЕДАН КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ Талас р-нунда, Талас ш-нан 28 км түн.-батышта, деӊиз деӊг. 1800‒2000 м бийиктикте жайгашкан. Жерг. эл илгертен эле кенден алынган күкүрттөн дары жасаган. 1945‒55-ж. СССР хим. өнөр жай министирлигинин «Средазгеохим разведка» трести чалгындоо ишин жүргүзгөн. Кен аймагы протерозойдун өтө метаморфизмделген кристаллдуу сланецтеринен түзүлгөн. Кенде колчедандын (пириттин) калыӊдыгы 400 м жана уз. 2 км болгон 2 зонасы бөлүнгөн. Кенташта (рудада) пириттин өлчөмү 30‒95%. Кенташтан күкүрт к-тасын алууга болот. Бекитилген күкүрттүн запасы: В категориясы б-ча 493 миӊ т, С1‒ 1729 миӊ т, С2 ‒ 976 миӊ т.