АЧЫК-СУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Чоӊ Алай кырка тоосунун түн. капталында. Кызыл-Суунун сол куймасы Ачык-Суунун алабынан орун алган. Уз. 8,3 км, аянты 10 км2, абляциясынын аянты 4,1 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 5680 м, этеги 3700 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Тик капталдарда жаткан фирн жана кар массасы ылдый карай жайык мульдага жылып түшүп, андан мөӊгү агымы түн.-чыгышка карай жылат. Этегинин 4,1 км2 аянты мореналар менен капталган. Мөӊгүдөн аты уйкаш суу агып чыгып, Кызыл-Сууга сол тараптан куят.