АЦИДОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЦИДОЗ (лат. acidus ‒ кычкыл) ‒ денедеги орг. к-талардын жетишсиз бөлүнүшүнүн жана кычкылданышынын натыйжасында к-та жегич теӊ салмактуулугунун бузулушу. Ал денеде, кан менен ткандарда к-та аниондорунун өтө көбөйүүсүнөн болот. Түрдүү ысытма ооруларда, ич өткөктө, кош бойлуу учурда, ачка болгондо ж. б. к-талар денеден жакшы бөлүнүп чыкпай, анда топтолуп, жеӊил түрүндө ‒ ацетоуксус к-тасы жана ацетон пайда болот; оор түрүндө (кант диабети ) комага алып келет. Дарылоо аны пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлөт.