АХУНДОВ Мирза Фатали

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Мирза Фатали [30.6 (12.7). 1812, Шеки, азыркы Нуха ш. ‒ 26.2(10.3), 1878, Тифлис ш.] ‒ азербайжан ад-тынын классиги, агартуучу, философ-материалист. Нухада орус-азер байжан окуу жайын бүткөн. Араб, фарс жана орус тилдерин билген. А-дун адабий ишмердиги 19-к-дын 30-жылдары башталган. Сын макалаларында ад-ттагы реалисттик багытты жактаган. «Пушкиндин өлүмүнө» аттуу кошок поэмасы 1837-ж. орус тилине которулуп, жарык көргөн. Анын

АХУНДОВ73.png

«Молдо Ибрагим Халил, алхимик» (1850), «Мусье Жордан, ботаник» (1851), «Ажы Кара» (1852) комедияларында, «Алданган жылдыздар» (1857) повестинде азербайжан элинин 19-к-дын 1-жарымындагы турмушу реалдуу көрсөтүлгөн, коомго жат көрүнүштөр ашкереленген. А. «Алданган жылдыздар» (1857) аттуу сатиралык повести менен азербайжан ад-тында проза жанрын баштаган. «Инди принци Кемал-уд-Довленин Персия принци Жалал-уд-Довлеге жазган үч каты…» деген филос. трактатында, «Философ Юмга жооп» деген макаласында ж. б. эмгектеринде материалисттик идеяны өнүктүрүү менен илимди жана философияны динден бөлүп, жаратылышты үйрөнүүгө чакырган. А. аӊдап билүү теориясы б-ча материалисттик сенсуализм позициясында турган. Бирок таанып-билүүнүн сезүү жана рационалдык баскычтарынын диалектикасын ача алган эмес. Социалдык эзүүгө жана Чыгыш аялдарынын укуксуздугуна каршы чыгуу менен эзүүчүлөрдү күч колдонуп гана жоготуу га болот деген жыйынтыкка келген. А. кийинки муундарды патриоттук духта тарбиялоону , диний ишенимдерден арылтууну максат кылган; алардын билимге, эстетикалык таалимге жетишине зор маани берген. А-дун эмгектери азербайжан элинин жана Жакынкы Чыгыш элдеринин ад-ттары менен коомдук ой-пикирлеринин өнүгүшүнө чоӊ таасир тийгизген. Анын чыгармалары англис, фарс, француз, немец ж.б. тилдерге которулган.