АХУНБАЕВ Иса Коноевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (10)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АХУНБАЕВ Коноевич [12 (25). 9. 1908, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Тору-Айгыр айылы ‒ 5. 1. 1975, Фрунзе] ‒ хирург, медицина илимд. доктору (1948), проф. (1949), СССР МИАнын корр. мүчөсү (1948), Кыргыз ССР ИАнын акад. (1954) жана туӊгуч президенти (1954‒60). Кыргыз ССРинин илим жана техника б-ча мамл. сыйл. ээси (1970). Кыргыз ССРнин эмг. сиӊ. врачы (1945). Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиӊ. ишмери (1974). Ташкенттеги О. Азия мед. ин-тун бүтүргөндөн кийин (1935),

АХУНБАЕВ 170.png

Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары (1935‒37), Фрунзе ш-дык оорукананын хирургия бөлүмүнүн ассистенти (1941). 1947-жылдан өмүрүнүн аягына чейин КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, о. эле мезгилде 1948‒52-ж. КММИнин директору , 1952‒54-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасынын орун басары жана төрагасы. Кыргызстанда мед. илимин өнүктүрүүдө жана жерг. мед. кадрларды тарбиялап чыгарууда чоӊ роль ойногон. Ил. изилдөөлөрү негизинен балдардын аппендицитине, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк ооруларына арналган. Анын демилгеси менен Респ. клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү уюштурулган (1959) жана Кыргызстанда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган. 230дан ашык ил. эмгектин (а. и 109 монография) автору. Бир нече ирет эл аралык ил. жана коомдук форумдарга, 4 жолу хирург. конгресске катышкан. Австралия, Франция, Грекия, Канада ж. б. мамлекеттерде ил. докладдарды окуган. СССР Жогорку Советинин 2‒4 шайланышынын жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5‒6 шайланышынын депутаты болгон. КР УИАнда Ахунбаев атн. сыйлык белгиленген, Бишкек ш-нын жана Тору-Айгыр айылынын борб. көчөлөрүнө, Респ-лык госпиталдын хирургия клиникасына анын ысмы ыйгарылган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Ре волюциясы, Эл достугу, 3 «Ардак Белгиси » ордендери жана медалдар менен сыйланган. КММАнын алдында айкели ортонотулган.
Эмг.: Эндемиялык богок. Ф., 1964, (Н. С. Андросов менен авторлош); Жүрөккө операция жасоо. Ф., 1964; Проблема эндемического зоба в Киргизии . Ф., 1965; Аппендицит детского возраста . М., 1947; Проблема эхинококкоза в Киргизии. Ф., 1963; Очерки по шоку и коллапсу. Ф., 1967; Справочники симптомов, синдромов болезней человека и диагностических проблем. Ф., 1973.