АФРИКА БИРИМДИГИ УЮМУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(АБУ) ‒ Африкадагы көз каранды эмес мамлекеттердин бирикмеси. 1963-ж. майда Аддис-Абебада (Эфиопия) континенттеги көз каранды эмес 31 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан конференцияда негизделген. 1994-жылга карата бирикмеге 53 мамлекет кирген. Уюмдун негизги максаты: Африка өлкөлөрүнүн биримдигин чыӊдоо, алардын аракеттерин координациялоо жана экон. өнүгүүсүнө жардамдашуу. Уюмду негиздеген конференцияда кабыл алынган хартия б-ча Африкадагы көз каранды эмес ар бир мамлекет уюмга мүчө боло алат. Жогорку органы ‒ мамлекет жана өкмөт башчыларынын Ассамблеясы (жылына бир ирет чакырылат). Жогорку аткаруу органы ‒ Министрлер Совети (буга тышкы иштер министрлери кирет, сессия жылына эки ирет чакырылат). Ассамблеялардын жана Министрлер Советинин сессияларынын аралыгында уюмдун күндөлүк жумушун Генералдык секретариат жүргүзөт. АБУнун штаб-квартирасы Аддис-Абебада жайгашкан.