АФРИГИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

— иран тектүү хорезмдик шахтар династиясы (4—10-к.) 305-ж. Хорезмде шах Африганын такка отурушу менен негиз салынган. Жалпысынан А-ден 21 башкаруучу чыккан. А. мамлекетинин борбору Кят ш. (Аму-Дарыянын оӊ жээгинде жайгашкан). Алардын тушунда О. Азиянын ири маданий борборунун бирине айланган. А. мамлекетинин гүлдөп өскөн мезгили 7-к-дын 2-жарымы — 8-к-дын башына туура келет. 712-ж. арабдар басып алышкан. 8-к-дын аягында ислам динин кабыл алышып, башкаруучулары араб ысымдары менен атала баштаган. Кятта таасирин сактап калган А-дин акыркы өкүлү Абу-Абд-Аллах Мухаммеддин 995-ж. Үргөнчтүн эмири Момун тарабынан өлтүрүлүшү менен династия кыйраган. А. династиясынын аталышы 4‒8-к-дагы Хорезмдеги афригид мад-тына көчкөн. А. ж-дөгү негизги маалыматтар хорезмдик Бирунинин тарыхый эмгектеринде камтылган.