АДАБИЙ СЫЙЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ адабий турмушта көрүнүктүү роль ойногон көркөм чыгармалар үчүн берилүүчү сыйлыктар. А. с. мамл., коомдук-ил., чыгармачыл уюмдар, басылмалар ж-а гезит-журналдардын редакциялары тарабынан белгиленет. Аны ыйгаруу ишин талапкерлерди коомчулуктун кеӊири талкуусунун негизинде компотенттүү кишилерден турган калыстар тобу же атайын комитет чечет. 1925-ж. илим, техника, ад-т ж-а иск-вонун көрүнүктүү чыгармалары үчүн В. И. Ленин атн. сыйл. белгиленген. 1939-ж. СССР Эл Комиссарлар Советинин токтому м-н СССР мамл. сыйл. негизделген. Ал 1954-жылга чейин Сталиндик сыйл. деп аталып, 1941-жылдан 1952-ж. чейин түрдүү тармактагы (көркөм ад-т ж-а анын тарыхы б-ча да) эмгектер үчүн жыл сайын ыйгарылып келген. 1956-ж. КПСС БК м-н СССР Министрлер Совети Лениндик сыйлыкты кайра калыбына келтирүү ж-дө чечим кабыл алган. Ал 1967-ж. чейин ар жылы, кийин эки жылда бир жолу, ал эми СССР мамл. сыйл. жылына ыйгарылган. Чет өлкөлөрдөгү А. с-дын белгилүүсү Швеция Королчулугунун академиясы жылына бере турган Нобель атн. сыйлык ж. б. Кырг-нда ад-т ж-а иск-во б-ча Токтогул атн. мамл. сыйл. (1965), респ-нын Ленин комсомолу сыйл. (1967), К. Тыныстанов атн. мамл. сыйл. (1991) негизделген. 1986-ж. Кырг-н ЖС тарабынан А. Осмонов атн. адабий сыйл. уюштурулган.