АТООЧТУК ТҮРМӨК
Jump to navigation
Jump to search
‒ өз ара тизмектешкен бир нече сөз мааниси жана граммат. жактан атоочтукка баш ийип, аны менен бекем байланышта тутумдашкан синтаксистик ажырагыс бирдиктүү тизмек. А. т-түн тутумундагы сөздөр маанилик жана граммат. жактан атоочтукка багыныӊкы абалда туруп, аны менен бир бүтүндүктө
ажырагыс тизмектешкендиктен, алар сүйлөмдүн синтаксистик бир гана мүчөсүнүн милдетин аткарышат, б. а. структуралык жактан А.т. делип, синтаксистик жактан жайылма мүчө боло алат (мис., Кыздын кыя басканы ‒ кылыктана сөз айтканы. Кулак угуп, көз көрбөс жерлер да бар). С. Мусаев.