АТМОСФЕРАНЫ САНИТАРИЯЛЫК КОРГОО
‒ калк жашаган аймактагы абаны зыяндуу зат
тардан коргоого багытталган мыйзамдуу, санит.-тех. жана уюштуруу чаралары. Ал абанын булгануу себептерин изилдөөгө, ага каршы күрөшүүгө, анын организмге терс таасирин жоюуга, санит. норматив түзүүгө багытталат. Абаны санит. коргоонун комплекстүү чараларына төмөнкүлөр кирет: өндүрүштө калдыксыз жана аз калдыктуу технологияларды колдонуу; калк отурукташкан жер менен өнөр жай аралыгында коргоо зонасын сактоо, өнөр жай ишканаларын курууда жердин жана жерг. климат шарттарын эске алып, туура жайгаштыруу; калк отурукташкан жерди туура пландаштыруу жана жашылдандыруу; өнөр жай өндүрүш процессинде бөлүнүп чыгуучу зыяндуу заттарды абага таратпай чыпкалоочу жабдыктарды орнотуу, өндүрүш ишканаларын, турак жайларды электрлештирүү жана газдаштыруу, бензин, дизель менен жүрүүчү машиналарды электромобиль, троллейбус менен алмаштыруу ж. б. Атм. абанын тазалыгына, о. эле тазалооочу жабдыктардын иштешине, зыяндуу заттардын абадагы концент-сы гигиеналык чектелген нормативден ашпоосуна санит.-эпи демиол. кызмат көзөмөл жүргүзөт.