АТМОСФЕРА ФРОНТУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:52, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

, т р о п о с ф е р а ф р о н- т у ‒ атмосферадагы (тропосферадагы) физ. касиеттери ар түрдүү болгон аба массаларын бөлүп турган өтмө зона. Алардын туурасы 20‒60 км, уз. 4‒5 миӊ кмге жетет. Мында муздак агымдын жылуу агымга кошулган жеринде аба ырайы (темп-расы, шамал жана анын багыты, абанын нымдуулугу) өзгөрө баштайт да, ал жерде аба массаларынын кыймылы жүрөт. Тыгызыраак келген муздак аба жербетине жантыгы нан (шынаа сыяктуу) жайгашып, жылуу аба анын үстүндө жатат. А. ф. дайыма муздак аба жагына кыйшайган абалда болот. Анын бурчу өтө кичине, орто эсеп менен 1:100гө барабар. А. ф-да басымдан башка метеорол. элементтер горизонталь б-ча чукул өзгөрүлөт. А. ф-нун суткалык ылдамдыгы 1000‒1500 кмге чейин жетиши мүмкүн. А. ф. жылган багытына жараша муздак (катафронт) жана жылуу (анафронт) болуп бөлүнөт. Мындай фронттордун кошулушунан пайда болгон татаал фронт ‒ окклюзия, ал эми негизги геогр. типтеги аба массаларынан бөлүп турган фронттор башкы фронттор деп аталат. Аларга арктика, уюл, тропик фронттору кирет. Атм-дагы калыӊ кара булуттар, жаан-чачын, катуу шамал, чагылгандуу жаан ж. б. кубулуш тар көбүнчө А. ф-на байланыштуу. Ад.: Пальмен Э., Ньютон Ч. Циркуляционные системы атмосферы. Л., 1973; Океан ‒ атмосфера. Энциклопедия. Л., 1983.