АТАТҮРК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:50, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Мустафа Кемаль (12. 3. 1881, Салоники ‒ 10. 11. 1938, Стамбул) ‒ Түркия Республикасынын негиздөөчүсү жана анын тунгуч президенти (1923‒38); көрүнүктүү мамл. жана аскер ишмери. А. («түрктөрдүн атасы») деген фамилия ага Түркиянын Улуттук улуу жыйыны (парламент, ТУУЖ) тарабынан берилген (1934). Стамбулдагы Аскер академиясын бүтүргөн. Жаш түрктөр революциясына (1908), Италия-Түркия согушуна (1911‒12), 2-Балкан согушуна (1912‒13) катышкан.

АТАТҮРК23.png
1-дүйн. согушта дивизиянын командиринен фронттун командачысына чейин жетип, генерал чинине жана паша титулуна татыктуу болгон; Дарданеллди коргоодо (1915) көрүнүктүү роль ойногон. Кавказ (1916‒17), Сирия-Палестина (1917‒18) фронтторунда жогорку командачылык кызматын аткарган. 1919-жылдан Анатолияда улуттук-боштондук кыймылына (кемалчылар) жетекчилик кылат. Сакарье д-нын жанындагы жеӊиши (1921) үчүн ТУУЖ ага маршал чинин жана «Гази» («Жеӊүүчү») титулун ыйгарат. А-түн жетекчилиги астында түрк аскерлери англ.-грек баскынчыларды өлкөдөн кууп чыгарган (1922). А. Түрк респ-нын президенти катары өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экон . маданий турмушунун өзгөрүшү үчүн зор иштерди жасаган. Анын жетекчилиги менен 1922-ж. султандык бийлик жоюлуп, Түркия республика болуп жарыяланат (29. 10. 1923). Жаӊы сот кодекстерин киргизип, агартуу тармагында жаӊычыл өзгөртүүлөргө жол ачкан, араб алфавитинин ордуна латын алфавитин кабыл алып, түрк тилин өнүктүргөн, эскирген каада-салттарды четке кага, аял-эркекке бирдей укук берилген жана европалыктарча кийим кийүүнү киргизген, улуттук мад-ттын сакталышына жана өнүгүшүнө шарт түзгөн. Улуттук суверенитет менен идеологияны жогору коюп, өнөр жай менен а. ч-сын жаӊыча өнүктүрүү, күчтүү армияны түзүү, башка мамлекеттер менен теӊ укуктуу мамиледе болуу саясатын жүргүзгөн. Бишкек ш-ндагы саяба бакка А. ысмы берилип, эстелиги тургузулган.
                                                                                                                     А. Беделбаев.