АТАМКУЛОВА Калемкаш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:50, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Калемкаш (12. 3. 1933-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Белек айылы) ‒ театр артисти, КРдин эл арт. (1993). Москвадагы А. В. Луначарский атн. Театр иск-восу ин-тун

АТАМКУЛОВА21.png

бүтүргөн (1963). А. Куттубаевден таалим алган. 1963‒93-ж. М. Рыскулов атн. Нарын обл. муз. драма театрын да, 1993-жылдан Респ-лык жаштар театрында иштеген. А. орус, дүйнөлүк, улуттук спектаклдерде башкы ролдорду ойноп, каармандарынын образын, кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн жеткиликтүү даражада түзө алган. Аткарган ролдору: Жамал (К. Жантөшев, «Каныбек»), Агафия Тихонов на, Анна Андреевна (Н. В. Гоголь, «Үйлөнүү», «Текшерүүчү»), Эмилия (У. Шекспир, «Отелло»), Эне (Ж. Садыков, «Табалды Пудовкин»), Кадича, Тотой, Көктурсун (Ч. Айтматов, «Кызыл жоолук жалжалым», «Бетме-бет», «Кыямат»), Эне (К. Мамбетакунов, «Үкөй»), Эжеси (С. Раев, «Күн кармаган бала») ж. б. Медалдар менен сыйланган. Т. Сатаров.