АТАКСИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:50, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТАКСИЯ (гр. ataxia ‒ баш аламандык) ‒ кыймылдын бузулушу. Көбүнчө четки нерв талчалары, көрүү дөӊчөлөрү, вестибуль аппараты, жүлүн, кара куш, маӊдай жана төбө мээлери жабыркаганда (сезгенүү, шишик ж. б.) болот. Дене (статикалык) жана бут-кол (динамикалык) А-сы болуп бөлүнөт. Дене А-сында оорулуу көзүн жумса, теӊселип түз тура албайт. Бут-кол А-сында көзүн жуумп, сөөмөйүн мурдунун учуна тийгизе албайт, көтөргөн бутунун согончогун экинчи бутунун тизесине жеткире албайт, теӊ салмагын жоготуп теӊселип, буттарын талтайтып мас кишиге окшоп басат. Дарылоо ооруну пайда кылган себептерди жоюуга багытталат. Дарылоочу физкультуранын жардамы менен бузулган кыймылдарды калыбына келтирүүгө болот.