АТ-БАШЫ РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (7), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Нарын обл-нун түш. бөлүгүндө жайгашкан. 1930-ж. уюшулган. Түш. жана түш.-чыгышынан Кытай, чыгышынан Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз, түндүгүнөн Нарын, түн.-батышынан Ак-Талаа, батышынан Ош обл-нун Өзгөн, Кара-Кулжа р-ндору менен чектешет. Аянты 19,1 миӊ км. Калкы 49,3 миӊ (2009). Райондо 11 айыл аймагы, 19 кыштак бар. Борбору ‒Ат-Башы кыштагы.
Райондун аймагы Ички Теӊир-Тоонун бийик тоолуу бөлүгүндө жайгашкан Ат-Башы өрөөнү, Ак-Сай өрөөнү, Арпа өрөөнү, Чатыр-Көл ойдуӊу жана аларды чектеп жаткан Байбиче-Тоо , Кара-Тоо, Ала-Мышык , Нарын, Ат-Башы, Какшаал сыяктуу бийик кыркатоолор ээлейт. Өрөөндөрү

АТ-БАШЫ РАЙОНУ28.png

2000‒3800 м бийиктикте жатат. Эӊ бийик жери ‒ Какшаал тоо тизмегиндеги Данков чокусу (5982 м). Кен байлыктары: мрамор, чопо, мергель, туз, сымап жана калай. О. эле курулуш материалдары, минералдуу суу булактары бар. Климаты кескин континенттик. Июлдун орт. темп-расы дыйканчылык өрөөндөрүндө 12‒18°С, бийик тоолуу сырттарда (Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө) 10‒15°С; кышы суук, янв-дын орт. темп-расы ‒18... ‒29°С. Ак-Сай өрөөнү ‒ Орто Азиянын «суук уюлу» (абс. мин. ‒53,6°С). Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 300‒350 мм, тоолордо 400‒450 мм. Кышы 5‒8 айга созулуп, кар 20‒30 см калыӊдыкта түшөт. Ат-Башы кырка тоосунда, Какшаал, Фергана тоо тизмектерин де, Арпа, Чатыр-Көл, Ак-Сай өрөөндөрүндө (3000м бийиктиктен жогору) түбөлүк тоӊ жатат. Ири суулары: Ат-Башы, Ак-Сай, Кара-Коюн, Арпа ж.б. Райондун түш.-батышында республикадагы ири көлдөрдүн бири ‒ Чатыр-Көл жайгашкан. Тоолордун нымдуу түн. капталда рында токой (карагай, байтерек), бадал жана шалбаа өсүмдүктөрү, түш. капталдары кургакчыл келип, көбүнчө бетеге, шыбак өсөт. Калкынын негизин кыргыздар (96,0%) түзөт, о. эле өзбек, уйгур, дуӊган, татар, казак ж. б. улут да бар. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 2,8 киши.
Райондо негизинен мал чарбасы өнүгүп, айыл чарбадан алынган продукциянын 60%тен ашыгын өндүрөт. Өрөөндөрүнүн бир аз гана бөлүгү дыйканчылыкта пайдаланылып (Ат-Башы өрөөнү), көбү жайыт (Кырг-ндын жалпы жайытынын 12%ке жакыны). 2004-ж. райондо 125,3 миӊ кой-эчки, 24,4 миӊ уй (анын ичинде сааны ‒ 12,7 миӊ), 19,2 миӊ жылкы, 33,9 миӊ үй кушу болгон. Райондо чарбанын бардык тармактары б-ча 9,1 миӊ т эт (тирүүлөй салмактагы), 23,3 миӊ т сүт, 1050 миӊ даана жумуртка, 386 т жүн өндүрүлгөн. Айыл чарбасына жарактуу жери 1081,1 миӊ га (2004), анын ичинде сугат жери 31,6 миӊ га, айдоо 30,2 миӊ га, чабынды 5,2 миӊ га, жайыт 1040,7 миӊ га. Жалпы эгин аянты 27,9 миӊ га, анын ичинде дан 7,9 миӊ га (буудай 3,0 жана арпа 4,9 миӊ га), картөшкө 1,6 миӊ га, жашылча 144 га, тоют өсүмдүктөрү 18,3 миӊ га жерге эгилген. Райондо 16,3 миӊ т дан (2004), анын ичинде 6,1 миӊ т буудай, 10,3 миӊ т арпа, 23,6 миӊ т картөшкө, 1,5 миӊ т жашылча жыйналган. Өнөр жай ишканалары нан кыш з-ду жана турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү кичи ишканалар, ун тартуучу чакан тегирмендер, нан бышыруучу, кийим тигүүчү майда ишканалар бар. Өнөр жай продукция сынын көлөмү 9,7 млн сомду түзөт (2004). Райондун аймагы аркылуу Кырг-нды Кытай менен байланыштырган Бишкек ‒ Балыкчы ‒ Нарын‒ Торугарт, облустук маанидеги Нарын ‒ Беш-Белчир ‒ Чатыр-Таш автомобиль жолдору өтөт.
2001/02-окуу жылында 21 жалпы билим берүүчү мектеп, 2 мектепке чейинки балдар мекемелери, муз. жана спорт мектептери, 20 китепка на, мад-т үйү, 10 клуб, кинотеатр иштеген. Райондук, 2 участкалык оорукана, 15 ФАП, санитария-эпидемиологиялык станция, 10 үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Маанилүү тарыхый эстеликтери: Таш-Рабат, Кошой-Коргон. Рек реациялык маанидеги Босого, Улан, Жаӊы-Жер, Таш-Рабат, Беш-Белчир сыяктуу кооз жерлери бар. Райондук «Кошой Ордо» гезити чыгат.
М. Дүйшөнакунов, А. Мырзаев.