АТ-БАШЫ КАНАЛЫ
Jump to navigation
Jump to search
АТ-БАШЫ КАНАЛЫ --Кыргыз Респ-касынын Кант р-нундагы ири сугат тармагы. 1937-ж. пайдаланууга берилген. Чүй суусуна курулган Чөмүч плотинасынан башталып, Кант, Аламүдүн жана Сокулук р-ндорунун 21 миӊ гадан ашык жерин суу менен камсыз кылат. Каналдын уз.43,4 км, андан секундасына 31 м3 суу агат. Каналда 25 гидротех. курулуш, 19 суу ченегич, 37 суу бөлүштүргүч, 1 насос станциясы бар.