АТ-БАШЫ ЗАКАЗНИГИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Нарын обл-нун Ат-Башы р-нундагы аӊчылык б-ча корук жер. Кайыӊды, Ат-Башы сууларынын жана Ат-Башы суу сактагычынын жанындагы токойлуу жана бадалдуу жерди ээлейт. Аянты 12,0 миӊ га. Азайып бараткан кекилик, коён, кыргоол, элик ж. б. канаттуулар менен жаныбарларды коргоо жана көбөйтүү максатында 1973-ж. уюшулган.