АСЫЛ ЖАНА КООЗ ТАШТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (10), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (12)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСЫЛ ЖАНА КООЗ ТАШТАР ‒ табиятта сейрек жана аз өлчөмдө кездешүүчү кымбат баалуу минералдар менен тоо тектер. Алардын баалуулугу табиятта сейрек учуроосу, издөө жана казып алуу үчүн көп жумуштун сарп кылынышы, кырдап жылмалоонун кымбаттыгы, о. эле ар бир таштын өзүнө тиешелүү сапаты, өлчөмү, бир түрдүүлүгү, өӊүнүн кооздугу д. у. с. белгилери менен аныкталат.
А с ы л т а ш т а р г а түссүз же өӊү кооз, тунук, жалтырак, катуу ж. б. касиеттерге ээ минералдар, көбүнчө алардын кристаллдары кирет. Баалуулугуна жараша 3 класска бөлүнөт: алмаз, сапфир, рубин, изумруд, александрит, хризоберилл, асыл шпинель, эвклаз жана бермет (1-класс); топаз, берилл (аквамарин, воробьевит, гелиодор), кызгылт турмалин (рубеллит), фенакит, демантоид (урал хризолити), аметист, альмандин, пироп, уваровит, хромдиопсид, циркон (гиацинт, сары жана жашыл циркон), асыл опал (2-класс); бирюза, жашыл турмалин, кордиерит, сподумен (кунцит), диоптаз, тоо хрусталы, күӊүрт кварц (раухтопаз), ачык аметист, акак таш (сердолик), гелиотроп, хризопраз, чала опал, агат, талаа шпаттары (күн таш, ай таш), содалит, пренит, андалузит, диопсид, гематит (кровавик), пирит, рутил, янтарь, агат (3-класс). Акыркы класстагылардын чандасы гана жогору бааланып, көпчүлүгү чала асылташ деп да аталат.
К о о з т а ш т а р г а ири көркөм кооздук (ваза, столещница, там боорунун панносу, мозаика ж. б.) оюу-чийүү орнаменттөө жана арх. көркөмдөө иштеринде, о. эле тех. пайдалануучу чала жалтырак (яшма, нефрит, малахит ж. б.) кооз оймо-чиймелери бар, көбүнчө тунук эмес минералдар менен тоо тектер кирет. Алар 3 класска бөлүнөт: нефрит, жадеит, лазурит, содалит, главколит, амазонит, лабрадор, орлец (родонит), малахит, авантюрин, кварцит (белоречит), күӊүрт жана кызгылт кварц, халцедон (перелифт, празем), агат, яшма, везувиан (калифорнит), жазуу гранити (1-класс); серпентин (змеевик), агальматолит, стеатит, селенит, ангидрит, обсидиан, мрамор оникси (чыгыш оникси), флюорит, таш туз (2-класс); гипс, алебастр, мрамор, порфир, брекчиялар, кварцит ж. б. (3-класс).
Кээ бир асыл таштар жасалма жана синтетикалык жол менен алынат. Мис., алмаз, изумруд, корунд (сапфир, рубин), шпинель, түссүз рутил. А. жана к. т-дын кендери темир менен магнийге бай магмалык тоотектерде (алмаз, циркон, пироп ж. б.), минералдуу суунун чөгүндүсүндө (опал, тоо хрусталы, аметист, агат ж. б.), метаморфизмделген тоо тектерде (рубин, сапфир, лазурит, гранат ж. б.) кездешет. Айрым асыл таштар орг. жол менен пайда болот (бермет, акак, янтарь). А. жана к. т-дын кендери КМШ өлкөлөрүндө Урал (алмаз, яшма, малахит, мрамор, изумруд, топаз, аметист, бирюза, александрит ж. б.), Алтай (яшма), Байкал (лазурит), Чыгыш Саян (нефрит), Сибирь (мрамор, агат, халцедон, тоо хрусталы, аквамарин), Кавказда (мрамор, халцедон), Калининград обл-нда (янтарь), О. Азия (мрамор, тоо хрусталы) ж. б. жерлерде жайгашкан. Кырг-нда роговик (Сулуу-Таш), аквамарин, изумруд (Күмүштаг), яшма (Арчалуу), мрамор оникси (Дөрө), мрамор (Арым) сыяктуу кооз таштардын кендери бар. Асыл таштар негизинен ювелирдик, кооздук-көркөмдөө иштеринде жана техникада колдонулат (к. Алмаз). Рубин менен сапфир саат жасоодо жана так механизмдерде, тунук кварц, турмалин атайын оптикалык приборлордо, радио өнөр жайларында пайдаланылат. Агат, халцедон так таразалар менен өлчөө куралдарынын айрым тетиктерин жасоого керектелет. А. жана к. т. илгертен эле үлүлдүн кабыгы, сөөк, мүйүз өӊдүүлөр менен бирге мончок, тумар, шакек, билерик ж. б. үчүн кеӊири пайдаланылган. Азыр да алар майда пластика иск-восунда (глиптика, көркөм оюу, скульптура), мебелдерди инкрустациялоодо, вазалар менен кутучалардын, шкатулкалардын бетин, бычак, айры, кашык ж. б-дын саптарын кооздоп жасоодо кеӊири пайдаланылат.

Ад.: Ферсман А. Е. Очерки по истории камня. Т. 1. М., 1954; Петров В. С. Драгоценные и цветные камни. М., 1963; аль-Бируни-Абу Рейхан Мухаммед ибн-Ахмед. Собрание сведений для познания драгоцен ностей (Минералогия). Л., 1963. Осмонбетов К. О. Асылташтар. Б., 1998.

К. Осмонбетов.