АСФАЛЬТ-БЕТОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСФАЛЬТ-БЕТОН , а с ф а л ь т - б е т о н у ‒ шагыл, кум, минерал күкүмүнүн (майдаланган акиташ, доломит ж. б.) битум менен болгон аралашмасынан алынган курулуш текзаты (материалы); аралашмага шагыл кошулбаса, асфальт эритмеси деп аталат. Ал даярдалышына жана төшөлүү учурундагы темп-расына карай ы с ы к (120°Сден жогору), ж ы л у у (50‒100°С), м у з д а к (5°Сден кем эмес) болуп бөлүнөт. Бул түрү сактоочу жайда 8‒10 ай сакталат. А. б-го суу жукпайт жана өтпөйт. ‒15°Сде анын бышыктык чеги 15‒20 МПа, 20°Сде 2‒3 МПа, 50°Сде 0,8‒1,2 МПады түзөт. Климаттын өзгөрүшүнөн жана эксплуатациялоо факторлорунан А-.б. эскирип, коӊторулууга дуушарланат. Азыркы технология б-ча рециклер машинасы аны регенерациялайт, б. а. коӊторулгандарын экинчи ирет кайра иштетет. Автомобиль жолу, жанжол, аэродром жана көпүрөлөргө, өнөр жай имараттарынын таманына төшөлөт. Битумдун илээшкектигине (жакшы, начар, суюк) жана төшөлүү учурундагы темп-расына карай ы с ы к (120°С), ж ы л у у (40‒80°С), м у з д а к (10°), кошула турган техзаттын кесектиги б-ча к е с е к, о р т о жана м а й д а д а н д у у, о. эле к у м д у у А.-б. болуп ажыратылат.