АСТРАХАНЬ ХАНДЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (7), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТРАХАНЬ ХАНДЫГЫАлтын Ордонун бытырашынын натыйжасында түзүлгөн татарлардын мусулман мамлекети. Борбору ‒ Ажытархан (Астрахань). Эмир Ажы-Черкестин 14-к-дын 2-жарымында түзүлгөн ээлигинин аймагында калыптанган. Айрым тарыхчылар өз алдынча А. х-нын келип чыгышын 1459‒60-жылдарга (Ахмед хан менен мамилесин үзгөн Махмуд хандын такка отурушу менен) туура келет деп эсептесе, кээ бирлери 1502-жылдан (Чоӊ Ордонун Крым ханы Менгли-Гирей тарабынан кыйратылышынан соӊ) башталат деп карашат. Чыгыш жагы Ногой ордосу менен чектешип, түш. жагы ‒ Терек, батыш жагы ‒ Кубань, Дон д-ларына, түн. жагы Сарай ш-на чейин созулган. Түрк тилинде сүйлөгөн А. х-нын калкынын (алчиндер, коӊураттар, маӊгыттар) негизги кесиби: көчмөн мал чарбачылык, аӊчылык, балыкчылык, туз өндүрүү жана дыйканчылык болгон. А. х. Чыгыш өлкөлөрү менен соода жүргүзүүнүн борбору болгон. Аны алтынордолук хан Тимур-Кутлугдун тукумдарынын династиясы башкарган. Хандан кийин эле мамлекеттеги экинчи киши болуп, калга (мураскер) саналган. Ак сөөктөр султандар, огландар, бектер, мырзалардан турган. Тышкы саясатта А. х. адегенде Чоӊ Ордого, андан кийин Ногой Ордосуна жана Крым хандыгына дайыма көз каранды болгон. Андан кутулуу максатында А. х. орус мамлекети менен жакындашып, 1533-ж. союздук келишим түзөт. Каспий деӊизине чыгууга, крымдыктар менен түрктөрдүн кол салууларынан коргонууга кызыккан орус мамлекети 1554-ж. А. х-на жортуул жасап, Крым хандыгы тарабынан коюлган Жамгырчы (Ямгурча) ханды кулатып, анын ордуна узак мезгил бою Москвада жашап, падышанын колдоосуна ээ болуп келген Исмаил Дервиш-Алини падыша Иван IV Васильевич (Грозный) өзүнүн вассалы катарын да коёт. Анын жанында такай орус кеӊешчиси отурган. Бирок, Дервиш-Али Крым хандыгы менен союздаш болууга аракеттенип, ханзаданы чакырат. Астрахан-Крым коалициясынын түзүлүшүнөн чочулаган орус өкмөтү жаӊы жортуул уюштуруп, 1556-ж. А. х. Россияга биротоло кошулат.