АСТРАХАНЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТРАХАНЬ‒ Россия Федерациясындагы шаар, Астрахань обл-нун адм. борбору. Волга д-нын дельтасында жайгашкан. Волга менен Каспийдеги маанилүү порт. Калкы 532,7 миӊ (2015). Темир жол тоому. Башкы өнөр жай тармактары: жеӊил, тамак-аш (анын ичинде балык), машина куруу жана металл иштетүү (кеме куруу жана ремонттоо, тепловоз ремонттоо), хим., жыгаччылык, целлюлоза-кагаз өнөр жайы өнүккөн. Темир жолдон деӊиз жана дарыя транспортуна жүк (негизинен жыгач материал жана нефть) өткөрүү жана жүк алуу пункту жайгашкан. А-да 20 ЖОЖ (филиалдары менен), 3 театр, сүрөт галереясы, тарыхый-архит. музей-корук бар. 13-к-дан белгилүү. 16-к-дын башында Астрахань хандыгынын борбору, 1556-жылдан Орус мамл-нин карамагына өткөн. Успенье жана Троица соборунан турган кремль (16-к-дын аягы 17-к-дын башы) сакталган.