АСТЕРОИД-КОМЕТА КОРКУНУЧУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (9), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТЕРОИД-КОМЕТА КОРКУНУЧУ ‒ космос телолору менен Жердин кагылышуу коркунучуна байланышкан түшүнүк. 1980-ж. киргизилген. Жерге жакын учуп өткөн биринчи астероид (Аполлон) 1932-ж. ачылган. Азыркы убакта мындай астероиддер көп байкалууда. Асман телосу менен Жердин кагылышуу коркунучу бар экендигин Жерде табылган кратерлер (жанар тоонуку эмес) айкындап турат. 65 млн жыл мурун мезозой менен кайназой эрасынын ортосунда Жердеги тирүү организмдердин үчтөн экиси, анын ичинде динозаврлар кырылып жок болгон. Мунун себебин окумуштуулар астероид же ядро диаметри 10 км болгон комета менен Жердин кагылышы Юкотан ж. а-ндагы (Мексика) Чиксулуб кратери деп эсептешкен. Анын диаметри 180 км, 64,98±0,04 млн жашта болгон. 20-к-дагы маанилүү кагылышуу 1908-ж. 30-июнда Таштуу Тунгуска дарыясынын жээгинде болуп, Жер үстүнө түшкөн асман телосунун жарылуу кубаттуулугу 10 Мтны түзгөн. Азыркы убакта Жер менен астероиддин кагылышуу коркунучу бар. Ал эми кометалар менен кагылышуунун ыктымалдуулугу 1%. Диаметри 1 кмден чоӊ асман телолору 500 миӊ жылда 1 жолу Жер менен кагылышканда глобалдык кыйроо болушу мүмкүн. Күн системасындагы 1200 асман телолору Жер менен кагылышы ыктымал. Кичине кометалар Жер менен кагылышканда региондук же жерг. табигый кыйроого учуратат, эгерде ал жерде атом электр станциясы, хим. өнөр жай болсо өтө коркунучтуу.