АСТАНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (7), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТАНА (1961-ж. чейин А к м о л и н с к, 1961‒92-ж. Ц е л и н о г р а д, 1992‒98-ж. ‒ А к-М о л о) ‒ Казакстан Респ-сынын борбор шаары (1997-жылдан). Өлкөнүн түн. бөлүгүндө, Ишим д-нын боюнда, Казак Сары-Аркасынын түндүгүндө жайгашкан. Калкы 853,0 миӊ (2015). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1830-ж. Акмоло чебинин ордунда отурукташкан. 1832-жылдан Ак-Моло станицасы, 1863-жылдан округдук шаар, 1868-жылдан Ак-Моло уездинин борбору. Ташкент жана Бухарадан Россияга, Чыгыш Кытайдан Сибирге кеткен кербен жолунун маанилүү пункту болгон. 1920‒36-ж. Кыргыз (Казак) АССРинин курамындагы губерниянын (1920‒28), округдун (1928‒30) республикага баш ийген райондун (1930‒32), Караганда обл-ндагы райондук (1932‒39), 1965‒97-ж. облустун борбору болгон. 1939-жылдан Ак-Моло обл-нун, дыӊ жерлерди өздөштүрүүдө крайдын адм. борбору болуп, экон. жана саясий абалы тез өсө баштаган. 1998-жылдан азыркыдай аталат.
1990-жылдын аягынан шаардын борб. бөлүгүндө (япон архитектору К. Курокаванын генералдык долбоору б-ча) курулуш иштери жүргүзүлгөн; алар: парламент жана өкмөт үйү, президенттин резиденциясы, «Караотель» турак-жай комплекси, «Аль-Фараби» жана «Самал»

Астанадагы парламент жана өкмөт үйү.

кичи райондору, Конгресс-холл, «Евразия» соода борбору, Ишим д-ндагы көпүрө жана дарыянын сол жагында бийикт. 97 м келген «Астана -Байтерек» монументи. Анда диаметри 22 м айнек шар орнотулган. Металл шардын каркасы 3 кабат түстүү айнек менен капталган. Ал Казакстан Респ-нын 10 жылдыгына арналган көрүнүктүү монументтик курулуш. А. ‒ Казакстандын маданий борбору. Шаарда 28 ЖОЖ (филиалдары менен), анын ичинде тех. ун-т (1933-жылдан), С. Сейфуллин атн. агр. ин-ту (1957), Л. Н. Гумилев атн. Евразия улуттук ун-ти (1998; Москва мамл. ун-тинин филиалы), мед. (1964), музыка (1998) ж. б. академиялары иштейт. Китепканалары: Президенттик маданий борборунуку, Борб.

Астана. «Байтерек» монументи.

шаардык, А. Гайдар атн. балдар китепканалары ж. б. А. Кастеев атн. иск-во (1935), азыркы иск-во (1980-ж. негизделип, 1999-ж. Алматыдан көчүрүлүп келинген), жазуучу С. Сейфуллиндин (1988) музейлери, орус драма (1940), муз.-драма (1991), улуттук опера жана балет (2000) театрлары, филармония (1997), оркестрлер бар. Маанилүү өнөр жай тармактары: «Казакайыл чарба машиналары», «Газмашаппарат» АКсы, «Астана Моторс» компаниясы, вагон ремонттоо, машина куруу, металл иштетүү, жеӊил, тамак-аш өнөр жайлары, эмерек өндүрүшү бар.

Т. Ниязов, Н. Жылдызова.