АССОЦИАЦИЯ (кошулуу, биригүү)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АССОЦИАЦИЯ (лат. associatio ‒ кошулуу, биригүү) ‒ 1) коомдо А. ‒ мекемелердин, уюмдардын же жеке адамдардын жалпы чарбачылык, саясий, ил.-маданий маселелер б-ча бир максатка биригиши; 2) психологияда А. ‒ сырткы жана ички дүүлүктүргүчтөрдүн таасиринен болчу адамдын психикалык процесстери менен кыймыл-аракеттеринин байланышы. А. адамдын мурдагы тажрыйбаларынын негизинде пайда болуп, заттар менен кубулуштардын мейкиндик-убакыт катнаштарына (мейкиндик менен убакыт ичиндеги байланыш А-сы, мис., жаздын келиши жана чөптүн чыгышы) алардын окшоштугун (окшоштук А-сы, мис., жалбырактын шуудурашы жана адамдын шыбыры) же карама-каршылыгын чагылдырышы мүмкүн (карама-каршылык А-сы, мис., күн менен түн, карылык жана жаштык); 3) экономикада ‒ монополиянын формасы. 2-дүйнөлүк согуштан кийин мындай уюмдар ‒ мамл.-монополиялык бирикмелер айрыкча өнүктү. 1951-ж. көмүр жана болот б-ча европалык Бирикме пайда болду. 1957-ж. Европалык экономикалык шериктештик (ЕЭС) ‒ «Жалпы рынок» түзүлгөн. 1960-ж. эл аралык мамл. монополиялык жаӊы бирикме ‒ Европалык соода ассоциациясы (ЕАСТ) уюштурулган. Азыр эл аралык мамл. монополиялык бирикмелер барган сайын көбүрөөк түзүлүүдө. Эл аралык мамл.-монополиялык бирикмелер өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүүгө белгилүү көмөк көрсөтөт.