АССИМИЛЯЦИЯЛЫК СЫЙЫМДУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АССИМИЛЯЦИЯЛЫК СЫЙЫМДУУЛУК‒ белгилүү бир убакыт ичинде экосистеманын нормалдуу өнүгүүсүн бузбай булгоочу заттарды топтоп, талкалап (ажыратып), трансформациялап (хим. жана биол. айлануудан) анын чегинен чыгарган (биоседиментация, диффузия ж. б. процесстердин негизинде) чөйрөнүн максималдуу динамикалык сыйымдуулугу. Мис., экосистеманын табигый таштандылар менен бирдикте адамдын иш-аракетинен пайда болгон орг. таштандыларды ассимиляциялоосу (талкалашы жана сиӊириши). А. с. көптөгөн табигый (темп-ра, суунун агымынын ылдамдыгы ж. б.) жана антропогендик факторлорго, чөйрөнүн биоталык процесстерине, о. эле булгоочу заттардын физ.-хим. касиеттерине байланыштуу.