АССЕМБЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АССЕМБЛЕР (англ. Assembler ‒ чогултуу) ‒ программалоонун экинчи муундагы тили. Мындагы буйруктар символдор жана коддор менен жазылгандыктан, ал программалоонун символдук тили деп да аталат. Аны машине тилиндей үйрөнүү татаал. Алар цифралардын ордуна символдорду колдонуп, буйруктар мнемокод деп аталган символдук код, мис., программаны кошуу үчүн С, салыштыруу үчүн L, көбөйтүү үчүн М түрүндө жазылат. А-деги программанын ыӊгайсыздыгы ‒ аны компьютер түздөн-түз түшүнбөйт. А. программасын компьютерде аткартуу үчүн адегенде аны машине тилине которуу керек. А. кодун камтыган программа баштапкы программа деп аталат.