АСПАРУХ
Jump to navigation
Jump to search
АСПАРУХ, И с п е р и х, Е с п е р и х, И с п о р (болжол менен 644‒701) ‒ протоболгарлардын уногунбурлар же кутригурлар урууларынын ханы; Биринчи Болгар падышачылыгынын алгачкы ханы (681‒701). 7-к-дын ортосунда хазарлардын кысымынан улам А. протоболгар урууларынын айрым бөлүктөрү менен Азов боюнан Түш. Бессарабияга, андан ары Византиянын бийлиги астындагы Дунайдын оӊ жээгине журт которууга аргасыз болгон. А. жетектеген протоболгар уруулары Добруджага жана анын айланасындагы аймактарга отурукташып, жерг. жети славян уруусун баш ийдирүү менен бул жакта өзүлөрүнүн мамлекетин негиздешкен. А. Дунай боюнда хазарлар менен болгон согушта курман болгон. 981-ж. Византия империясы А-тун мамлекетин тааныган.