АСПАПТАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСПАПТАШТЫРУУ (инструментовка) ‒ музыкалык чыгарманы оркестрдин (симф., үйлөмө, эл аспаптары ж. б.), аспаптык топтун, түрдүү камералык ансамблдердин аспаптары үчүн жазуу. Аспапташтыруу композиторлор тарабынан оркестрдеги (квартет, трио) аспаптардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен музыкалык чыгармалардын идеялык-эмоциялуу мазмунун таасирдүү чагылдыруу максатында пайдаланылат. 17‒18-к-да өнүккөн. Башка аткаруучу состав үчүн жазылган чыгармаларды оркестрге салуу көп учурда оркестрлештирүү деп аталат. Аспапташтырууга К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине түшүрүлгөн М. Огинскийдин «Полонези», Ф. Листтин «Венгр рапсодиясы» мисал. Аспапташтыруу музыкалык окуу жайларда жана консерваторияларда программа б-ча окутулат.