АСМАН СФЕРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСМАН СФЕРАСЫ ‒ бетине бардык жарык чыгаруучулардын абалы проекцияланып, борбору байкоо чекитинде болгон каалагандай радиустагы ойдон алынган сфера. Ал астрономияда космос объектилеринин А. с-ндагы координаталарын аныктоонун негизинде алардын кыймылын жана өз ара жайгашуусун изилдөө үчүн колдонулат. А. с-нын суткалык айланышына байланыштуу асман жарык чыгаруучулары мейкиндикте экваторго жарыш с у т к а л ы к п а р а л л е л ь деп аталуучу айланаларды сызат. Суткалык параллелдердин горизонтко жайгашышына жараша жарык чыгаруучулар батпоочу жана батуучу, чыкпоочу жана чыгуучу болуп бөлүнөт.