АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:42, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ– Ата мекен коопсуздугун коргоо милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон бийик идеялык-ыймандык, адептик-күжүрмөн жана моралдык-психол. сапаттарды калыптандырууга багытталган таалим-тарбия иштеринин бир бөлүгү. Ал Ата мекенди коргоонун тарыхый тажрыйбасын талдай билүү, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо милдетин түшүнүү, аскер ишиндеги өнүгүү багыттарын эске алуу сыяктуу атайын принциптерге негизделет. Бийик идеялык-ыймандык, моралдык-психол. сапаттарга ээ жана дене бою чың, аскердик-тех. билими бар, өз элинин жана анын куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн салттарына чексиз берилген атуулдарды тарбиялоо А. -п. т-нын негизги милдетине кирет. А.-п. т-ны окуу жайлары, жаштар уюмдары, аскер комиссариаттары, гражд. коргонуу органдары, согуштун жана эмгектин ардагерлеринин уюмдары, спорттук коомдор ж. б. жүргүзүшөт. А.-п. т. ишин адептик тарбия менен эриш-аркак натыйжалуу жүргүзүү учурдун олуттуу талабы болуп саналат.