АСКЕРДИК ТАРТИП
Jump to navigation
Jump to search
АСКЕРДИК ТАРТИП– мыйзамдарда жана аскердик уставдарда белгиленген эрежелерди сактоо, о. эле аскер башчыларынын көрсөтмө-тапшырмаларын бардык аскер кызматындагылар тарабынан бузбай так аткаруу шарттары. А. т. зордукка же опузага эмес, ар бир аскер кызматкеринин өзүнүн Мекенин коргоону жоокердик ыйык милдети экендигин сезгендигине таянат. А. т. жөнүндөгү куралдуу күчтөрдүн уставы 1998-ж. КРдин Жогорку Кеңешинин чечими менен бекитилген.