АСКЕРДИК БАСМА СӨЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКЕРДИК БАСМА СӨЗ– аскердик кызматты, турмушту, андагы маселелерди чагылдырууга багытталган басма продукциясы: негизинен аскер кызматындагы окурмандарга арналган маалымат каражаты. А. б. с. – куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөндөрдү саясий, аскердик, маданий жактан тарбиялоонун жана аскердик билимди таратуунун маанилүү куралы. Мезгилдүү (аскердик гезиттер, аскердик журналдар, мезгилдүү жыйнактар, бюллетендер ж. б.) жана мезгилдүү эмес (китептер, брошюралар, баракчалар ж. б.) болуп бөлүнөт. КРде Koproo министрлигинин «Ыйык милдет» гезити чыгарылат.