АСКЕРДИК АНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКЕРДИК АНТ– КРдин куралдуу күчтөрүнүн катарына кызмат өтөөгө чакырылган жарандардын салтанаттуу убадасы; Мекенге, элге берилгендигин билдирүү. Жоокер Мекенинин ар

Салтанаттуу ант берүү аземи.


намысын, эркиндигин, көз карандысыздыгын коргоого, ак ниет болууга, Мекени үчүн каны-жанын аябоого ант берет. А. а. КРдин Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет. Жаш аскерлер баштапкы даярдыктан өткөндөн кийин, эки айлык мөөнөт ичинде А. а. беришет. Ант берүү бөлүктүн командиринин жетекчилиги менен салтанаттуу өткөрүлөт.