АСКАНИЯ КОЮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКАНИЯ КОЮ – уяң жүндүү меринос кой породасы. Меринос койлорун Американын рамбулье кочкорлору менен аргындаштырып, улам тандоо жүргүзүү аркылуу, «Аскания-Нова» коругунда чыгарылган (1925 – 34). Ал жүндүү, тез жетилет. Денеси чың, чымыр, эттүүлүгү жана жүндүүлүгү менен айырмаланат. Кочкорунун салмагы 110-140 кг (180 кгга чейин), соолугу 60-70 кг. Кочкорунан 10-12 кг, соолугунан 5,5-6 кг жүн кыркылат. Айрымдары 30,6 кг га чейин жүн берип, дүйнөдө 1-орунда турат. Жүнүнүн ичкелиги 64-сапатта, уз. 7-8 см. Кургакчыл шартка көнүккөн. А. к. уяң жүндүү койлордун жүндүүлүк жана эттүүлүк касиетин жакшыртууда асыл тукум катары пайдаланылат.