АСКАЛУУ ТООЛОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКАЛУУ ТООЛОР (Rocky Mountains) Түндүк Америка Кордильерасынын системасына кирет. КШ менен Канаданын батышында, 60 жана 32° түн. кеңдиктеринин аралыктарында жайгашкан. Уз. 3200 кмге жакын, туурасы 700 км. Тынч жана Атлантика океандарынын суу бөлгүчү. А. т-дон Миссури, Колорадо, Рио-Гранде, Снейк,Арканзас ж. б. дарыялар башталат. Түн. А. т. негизинен гранит тектеринен түзүлүп, бийикт. 3954 мre (Робсон чокусу) чейин жетет. Түш. же АКШ А. т. кыска кырка тоолордон туруп, кумдук, чополуу сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн; эң бийик жери 4399 м (Элберт чокусу). Кырка тоолору кеңири бассейндер – «парктар» менен бөлүнгөн. Кен байлыктары: молибден, жез, алтын, күмүш, полиметалл, нефть, таш көмүр. Жанар тоо процесстери (гейзерлер, ысык булактар), жер титирөөлөр болуп турат. Өсүмдүктөрүнөн токой басымдуу; түндүгүнө тоо тайгасы, түштүгүнө мырза карагайлуу токой мүнөздүү.Токойдун жогорку чеги түндүгүндө 1500 мден түштүгүндө 3600 мге чейин; андан жогору альп шалбаасы жана кар жатат. Өрөөндөрүнө талаа жана жарым чөл ландшафты мүнөздүү. Ири ул. парктары: Жаспер, Банф, Йохо (Канада), Йеллоустон, Роки Маунтин (АКШда). А. т. аркылуу 8 темир жол жана автомобиль жолдору өтөт.