АСИНХРОНДУУ ЭЛЕКТР КЫЙМЫЛДАТКЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСИНХРОНДУУ ЭЛЕКТР КЫЙМЫЛДАТКЫЧ– электр энергиясын мех. энергияга айландыруучу асинхрондуу электр машинасы. Иштөө принциби – айланып жаткан магнит талаасы менен анын таасири астында жаралган ротордогу токтун ортосундагы электр-магниттик өз ара аракеттешүүгө негизделген. Статордун орому б-ча үч фазалуу ток өткөндө пайда болгон айлануучу магнит талаасы ротордун орому аркылуу
өтүп, анда ток пайда кылат. Индукцияланган ток менен статордун магнит талааларынын өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжасында ротор магнит талаасын ээрчип айлана баштайт да, ал талаага салыштырганда айлануу саны аз болот. А. э.

Асинхрондуу электр кыймылдаткычынын бөлүктөрү: а — статор; б — чукул туташтырмалуу ротор; в — фазалуу ротор; I — станина; 2 – штампталган болот калдыркандан жасалган өзөкчө; 3 – оромолор; 4 - вал; 5 – контакт шакеги.


к-ын электр тармагына туташтыруу үчүн анын статорунун орому жылдызча же үч бурчтук түрүндө бириктирилет. Роторунун түзүлүшү б-ча А. э. к. чукул туюкталган жана фаза роторлуу болуп бөлүнөт. Үч фазалуу А. э. к-тан башка да бир фазалуу кыймылдаткыч бар. Башка кыймылдаткычтарга салыштырганда А. э. к-тын пайдалуу аракет коэфф-и жогору болот да, өнөр жай тармактарында, үй-тиричилик техникасында кеңири пайдаланылат.