АРШАКИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРШАКИДДЕР, Аршакундар – армян падышаларынын династиясы (62–428). Бул династия Парфян падышалыгындагы Аршакиддер династиясы менен тектеш болгон. Армяндардын А. династиясын Тиридат I (62–80) негиздеген. Улуу Тиридат IIIнүн (287–332) мезгилинде христиан дини мамл. динге айланган (болжол менен 301-ж.). А. феодалдык бытырандылыкка каршы ж-a Армениянын көз каранды эместиги үчүн күрөшкөн, бирок андан жыйынтык чыккан эмес. Улуу Армения өлкөсүн Иран менен Рим империясы бөлүп алып (387), А. алардын вассалына айланган. А. династиясы 487-ж. кулаган.