АРЧАГУЛ
Jump to navigation
Jump to search
АРЧАГУЛ – Талас обл-нун Кара-Буура р-ндагы кыштак. Шекер айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыш-нан 50 км түш.-батыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 22 км. Деңиз деңг. 1150 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1419 (2009); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана, ФАП бар.